Модель кыз Айжан Асемова макияжы жок сүрөтүн тамадалар оюнга айландырып жаткандыгына нааразы

19 сентября 2018 16:00 9416 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Модель Айжан Асемова алып баруучу жана тамада Урмат Борченов менен Санжар Мыкыевге нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Бул тууралуу менин баракчама катталган адам билдирди. Мен өзүм конфликттен алыс адаммын. Бирок робот эмесмин да, менде деле сезим бар. Мен боёнсом да, боёгум жок болсо да адам бойдон калам. Эч качан адамдын үстүнөн күлбөйм. Анткени менде чыныгы адамдык сапаттар бар. Мына биздеги "эркектердин жүзү", - деген.

Тамада Урмат Борченов бул тууралуу буга чейин "Эмне жетишпейт?" оюнун ойноткондугу чындык экенин, ал үчүн модель кыздан кечирим сураганын айтты. 

Ал эми Санжар Мыкыев Инстаграмдагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, Айжан Асемовадан кечирим сурады. 

"Мен өзүм бир кыздын атасы болгондуктан айымдарга өтө кылдаттык менен мамиле жасаганга аракет кылам. Бул оюн Айжан Асемованын боёксуз сүрөтү талкууга алынып жаткан учурда болгону бир гана жолу ойнотулган. Оюндун соңунда команданын бардык мүчөлөрүнө катуу эскертүү берип, ал сүрөттү Якубовичтин муруту бар жана муруту жок сүрөтүнө алмаштырганбыз. Менимче, Айжан Асемованын күйөрманы эски материалды көрүп калса керек. Команданын жана жеке өзүмдүн атымдан Айжандан кечирим сурайм", -деген ал.

Маалымат катары:

"Эмне жетишпейт?" деп тамадалар модель кыздын сүрөтүн көргөзгөндө, "макияж" жетишпейт деген туура жообу болгон. 

Эске сала кетсек, макияжы жок сүрөтүн интернетке жарыялап салыптыр деп ырчы Анжелика айым менен дагы нааразылашып ызы-чуу болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/model-kyz-ajzhan-asemova-makiyazhy-zhok-srtn-tamadalar-oyunga-ajlandyryp-zhatkandygyna-naarazy



Добавить комментарий