Мүнөздү түздөйм десеңиз...

19 февраля 2019 00:18 1922 Barometr
Поделиться в:
ok

Колуңузга кагаз менен калем алып, тизмектеп жазууга киришиңиз. Бир жагынан өзүңүзгө жакпаган касиеттериңизди, экинчи жагына өзүңүзгө керектүү касиеттерди тизмелеп жазып чыгыңыз. Сиздин кандай негативдүү жактарыңыз бар экенин жакындарыңыз айтып бере алат. Бул жол менен сиз өзүңүздү башкалардын көзү менен карай аласыз.

Жакындарыңыз сизге болгон чындыкты айтсын десеңиз, аларга таарынбай, сынды туура кабыл алганды билиңиз.

Тизмеңиз даяр болгондон кийин, жагымсыз касиеттериңизди түздөгөн амалдарыңызды, иш-аракеттериңизди жазыңыз. Мисалы, жалкоолукту кандайдыр бир активдүү аракет менен, пессимизмди позитивдүү ойлор менен, ачууну, ызаны мээримдүүлүк менен, тартынчаактыкты ойдогу нерселерди ишке ашырууга аракет кылуу менен түздөө сыяктуу ыкмаларды тизмелеп жазыңыз.

Мүнөзүңүздүн өзгөрүүсү жашооңузга кандай өзгөрүүлөр алып келээрин элестетип көрүңүз. Бирок, бул аракет оңой эмес экенин унутпаңыз. Кээде сырткы келбетиңизди өзгөртүү да, мүнөзүңүздүн өзгөрүүсүнө пайдасын тийгизет, өзгөчө, аялдар коомчулугуна.

Мүнөздү түздөө үчүн эң алгач ички жан дүйнөңүздөгү, түйшүгүңүздөгү көнүмүш болуп калган эрежелерди өзгөртүү керек. Себеби, ансыз мүнөзүңүз өзгөрсө да кыска убакытка гана жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/mnzd-tzdjm-deseiz



Добавить комментарий