Сокулукта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн үй курулууда

4 ноября 2019 09:36 696 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Сокулук районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандай үчүн үй курулууда. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигинен маалымдады.

 Маалыматта, “Ассанабил” кайрымдуулук фонду жергиликтүү айыл ѳкмѳтү бѳлүп берген жер тилкесине курулуш иштерин баштады. Үч кабаттуу турак –жай Чүй облусунун жай майыптар коомунун мүчѳлѳрүнѳ курулууда. Коомдун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулунун айтымында, бул имаратта атайын тигүүчү, устакана цехтери жана окутуу борбору жайгашат.

Ал эми жеке ишкер Улан Жусупов өзүнүн 2 кабаттуу үйүн майыптар коомуна белек кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/mmknchlg-chektelgen-zharandar-chn-j-kuruluuda



Добавить комментарий