Мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм эки саатка министр болот

18 ноября 2019 15:07 883 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген бала убактылуу Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин милдетин аткарат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Рулда балдар» акциясынын алкагында бүгүн, 18-ноябрда мүмкүнчүлүгү чектелген жаш бала 2 саатка министр болот. Ал күндүн аягына чейин бул кызматта ишке ашырууну каалаган максаттарынын тизмесин түзөт.

«Акция Дүйнөлүк балдар күнүнө жана Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгынын алкагында уюштурулуп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/mmknchlg-chektelgen-adamdar-socialdyk-ministrdin-mildetin-atkaryshty



Добавить комментарий