Митингде кармалгандарга 3000 сомдон айып пул салынып, бошотулду

18 января 2019 09:06 1035 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ала-Тоо аянтында өткөн митинг учурунда кармалган жарандардын баары бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалгандардын баары 3000 сомдон айып пул төлөйт. Эгер алар айып пулдарды бир айдын ичинде төлөбөсө, анда иштери сотко өтөт. Жаңы мыйзамдын негизинде кармалгандар 3 сааттан ашык болбошу керек. ИИМдин айтымында, аларды "коомдук тартипти бузгандыктары үчүн" айып салынган жана мыйзам бузулбастан 3 сааттын ичинде кое берилген.

Эске салсак, 17-январда кытайларга каршы митинг өтүп, анда түшкө чейин 300дөй гана киши болсо, түштөн кийин көбөйүп 2000ден ашып ызы-чуу болуп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/mitingde-karmalgandarga-3000-somdon-ajyp-pul-salynyp-boshotuldu



Добавить комментарий