“Мисс СНГ-2018” сынагына Кыргызстандын атынан Сусанна Егорян барат
“Мисс СНГ-2018” сынагына Кыргызстандын атынан Сусанна Егорян барат. Бул тууралуу социалдык тармактарда модель өзү билдирди.Сынак 18-27-июлга чейин Казакстандын борбору Астана шаарынын юбилейине арналып өткөрүлүп, ага 18-25 жашка чейинки 25 сулуу катышат. Анын шартына ылайык, катышуучулар улуттук кийим жана кече көйнөктөрүн көрсөтөт. Ал эми шоу программада дүйнөлүк шоу-бизнес жылдыздары, ырчылар жана белгилүү дизайнерлердин катышуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы Сусанна Егорянэл аралык суулулар сынагына Кыргызстандын атынан катышкан. Бирок, сынактынфиналында ал Армениянын лентасын тагып чыккан. Социалдык тармактынколдонуучулары буга нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми Егорян өзү “мен Кыргызстанга чыккынчылык кылган эмесмин” деп жооп берген.
Ссылка: https://barometr.kg/miss-sng-2018-synagyna-kyrgyzstandyn-atynan-susanna-egoryan-barat
Добавить комментарий ×