Мирзиёев кайрадан шайлана алат: Өзбекстанда президенттик мөөнөттү 7 жылга чейин узартуу сунушталууда

15 марта 2023 15:01 1943 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын президентинин ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга чейин узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, мындай маалымат 15-мартта жарыяланган республиканын жаңы Конституциясынын долбоорунда айтылат, 

«Өзбекстан Республикасынын президенти Өзбекстан Республикасынын жарандары тарабынан жалпы шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу жети жылдык мөөнөткө шайланат», — деп айтылат документтин текстинде.  

Бул мыйзам төмөнкү кызмат адамдарына тиешелүү:   

  • президент,    
  • мыйзам чыгаруу палатасынын спикери,   
  • Сенаттын төрагасы,    
  • областтардын, райондордун жана шаарлардык кеңештин депутаттарынын төрагалары,    
  • акимдер,    
  • Жогорку соттун төрагасы жана төрагасынын орун басары,    
  • Жогорку Соттор кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары,   
  •  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы    
  • Башкы прокурорлорго тиешелүү.   

Ошентип, мыйзам өлкөнүн азыркы лидери Шавкат Мирзиёевге үчүнчү жолу мамлекет башчылыгына шайланууга мүмкүндүк берет.      

Эске салсак, 10-мартта Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасынын депутаттары Конституцияны жаңы редакцияда кабыл алуу боюнча референдумду 30-апрелге белгилешкен.       

Сенат бул чечимди 14-мартта жактырган. Негизги мыйзамдын жаңы редакциясына дагы 27 берене киргизилип, муну менен алардын жалпы саны 128ден 155ке чейин көбөйтүлүп, өзгөртүүлөр менен бирге Конституция 65 пайызга жаңыланган.      

Ссылка: https://barometr.kg/mirziyoev-kajradan-shajlana-alat-zbekstanda-prezidenttik-mntt-7-zhylga-chejin-uzartuu-sunushtaluuda



Добавить комментарий