Мирзат Муканов: “Сезим Иманалиева сен бактылуу болууга татыктуусуң, болбой эле көрчү, токмок жейсиң» (Сүрөт)

13 августа 2020 11:12 1848 Barometr
Поделиться в:
ok

“Сезим Иманалиева сен бактылуу болууга татыктуусуң, болбой эле көрчү, токмок жейсиң», - деди алып баруучу Мирзат Муканов. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Алып баруучу Мирзат Муканов балдызы, тагыраагы Гүлбү Орозкул кызы менен Элмирбек Иманалиевдин кичүү кызы Сезимди турмуш жолуна узатканын мындайча айтат.

“Сезимибизди турмушка узаттык. Улуулардын кеп-кеңешин алып, мурдатан макулдашылган убакытты кийинкиге калтырбастан, жакшылыкка үмүт кылып, кызыбыздын жолун буубай, өз бүлөсүнө тапшырдык. Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, той бериштен жеңил нерсе жок, бүгүнкү “пулуң болсо, кулуңмун” заманда. Бирок, шартка жараша эң жакындардын коштоосунда гана бата алдык. Куда-кудагый абдан сонун кишилер экен. Тойдун эртеси эле Өзгөнгө үйүнө барып сыйын да көрүп келдик. Эми Сезимим менен Бексултаныма кааларым – кем болбогула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн, тукумуңар көбөйсүн! Айзуура эжеңер экөөбүз силер үчүн ар дайым колубуздан келгенин аянбайбыз. Сезим, Жажапэй, мен сага ар дайым айтам, “Сен бактылуу болууга татыктуусуң!” Болбой эле көрчү, токмок жейсиң», - деди Муканов.

Ссылка: https://barometr.kg/mirzat-mukanov-sezim-imanalieva-sen-baktyluu-boluuga-tatyktuusu-bolboj-ele-krch-tokmok-zhejsi-srt



Добавить комментарий