Мирлан Жээнчороев: бюджетти аткарбаган өкмөт башчы отставкага кетиш керек

13 мая 2020 12:17 1237 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев 2018, 2019-жылдары канча акча чогулбай калганын жана 2020-жылга карата кандай божомол бар экенин премьер Мухаммедкалый Абылгазиевден парламенттин жыйыны учурунда сурады.

Жээнчороев өкмат башчынын 2019-жылдагы жасаган иштери тууралуу отчетуна Махатгир менен Ли Куан Ю суктана тургандай эле болуп калганын айтып, алар Кыргызстанга көчүп келбесе болду деп айтып, премьерден “Тилегиңиз кабыл болсун” деген жооп укту.

Эл өкүлү 2018-жылы 6 млрд 450 млн, 2019-жылы салык боюнча 6 млрд 258 млн сом чогулбай калганын айтып, 2020-жылга жоготуулардын 28-29 милр сомду түзөт деп жатканын билдирди.

“Ушул сиздин экономикалык жактан алып барган саясатыңыздын жыйынтыгы эмеспи?” – деп суроо салды ал.

Өз кезегинде премьер Мухаммедкалый Абылгазиев экономикада негизинен божомол жасаларын айтты.

“Ошонун барын биз оптимисттик түрдө айтабыз да, момундай максат койдук ошого жетебиз деп. Эгерде ага жетпегендин себептери болсо аны кабыл алыш керек. Себептерин кабыл алып силер мыйзамга өзгөртүү киргизип берип жатасыңар”, — деди Абылгазиев.

Жээнчороев “Бюджет мыйзамбы?” деп суроо салып, “ооба, мыйзам” деген жооп алды.

Эл өкүлү “мыйзамды аткара албай калганда жоопкерчилик барбы?” деп суроо узатты.

Депутаттын мындай суроосуна Абылгазиев төмөнкүдөй жооп берди.

“Салык жагынан алганда, мисалы, бир ишкана өзүнүн планын аткара албай калды дейли. Биз ал ишкананы эмне кылышыбыз керек? Сен аткарбай калдың деп мыйзам деп туруп жоопко тартыш керекпи”, — деди өкмөт башчы.

 Жээнчороев “аткара албай калса отставкага кетиш керек, жетекчисин алмаштырыш керек” деди.

Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-zheenchoroev-byudzhetti-atkarbagan-kmt-bashchy-otstavkaga-ketish-kerek



Добавить комментарий