Мирлан Бакиров: “Элет тургундары пенсияга чыкканда арзыбаган акча алып калышат экен”
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров токой чарбаларына жакын жайгашкан айылдардын тургундары аз көлөмдөгү пенсия алып калышы мүмкүн экендигин айтты.
“Ушу тапта өлкө аймагы боюнча жер үлүшүн алган 2 млн 600 миӊ адам аз да болсо Социалдык фондго каражат төлөп, ал аркылуу пенсияга чыгууда. Ал эми токой чарбаларына жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын жер үлүшү жок, ошондон улам алардын эӊ төмөнкү коюмда – 1700 сом өлчөмүндө пенсияга чыгып калуу коркунучу бар.
Албетте, Соцфонго ыктыярдуу түрдө каражат төлөп туруу аркылуу пенсияга чыкса болот. Бирок, элет тургундары ыктыярдуу төлөмгө анчалык маани бербей, пенсияга чыкканда арзыбаган акча алып калышат экен. Ошондуктан, Өкмөт, анын ичинде Соцфонд азыртан жер үлүшү жок элет тургундарынын келечегин ойлоп, кандайдыр бир милдеттүү төлөмдү киргизиши зарыл», - деди депутат.
Добавить комментарий ×