Мирлан Бакиров: "Чириген картошкаларды тезирээк сатканга аракет кылалы"

21 февраля 2019 10:23 1075 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Парламентте бүгүн 21-февралда вице-спикер Мирлан Бакиров чирип бараткан картошкаларды сатуу үчүн ыкчам штаб түзүүнү сунуштады. 

"20 күндөн кийин жаңы картошкалар чыкса, чиригендери сатылбай калып калат. Анын алдын алуу максатында өкмөт коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, тезирээк дыйкандарга сатышканга жардам бериши керек. Алар азыр 3 сомдон дагы сата албай жатышат. Мамлекеттик бюджеттен каражат алган кыргыз армиясынан тартып бала бакчага чейин картошканы түз сатуу зарыл. Ал үчүн түзүлгөн атайын штаб транспорт жана башка маселени чечиши керек. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн жолун өкмөт ыкчам түрдө иштеп чыгышын талап кылам", - деди депутат.





Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-bakirov-chirigen-kartoshkalardy-tezireek-satkanga-araket-kylaly



Добавить комментарий