Мирбек Атабековдун жубайы эмне үчүн чет өлкөгө чыгып кетишкени тууралуу билдирүү таратты

5 января 2021 13:24 4448 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Мирбек Атабеков жан кыйнаган жөтөлдөн арыла албай койгон үчүн Кыргызстандан чет жерге чыгып кеткен. Бул тууралуу ырчынын жубайы Мээрим Төлөпберген твиттердеги баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бизди эч ким коркутуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлаган жок. Менин жеке өтүнүчүм менен, Мирбекти кыйнаган жөтөлдүн айынан жер которууну туура көрдүк. Шаарды каптаган ыштан алыс болуу үчүн акыркы 3 жыл катары менен жаңы жылдын алдында же андан кийин чет өлкөгө чыгып келебиз”, - деп жазды ырчынын жубайы.

Соцтармак колдонуучуларынын “Кыргызстанга кайтып келесиздерби” деген суроосуна ырчынын жубайы “жазында буюрса барабыз” деген жообун узатты.

Эскерте кетсек, ырчы Мирбек Атабеков өткөн жылдын октябрь айында болгон нааразычылык акцияларына активдүү катышып, коомчулуктун талкуусуна кабылган курч билдирүүлөрүн жасаган. Атабековдун күйөрмандары ырчы саясатчыларды катуу сындагандан кийин куугунтукка кабылып, чет өлкөгө чыгып кетти деп тынчсызданып келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekovdun-zhubajy-emne-chn-chet-lkg-chygyp-ketishkeni-tuuraluu-bildir-taratty



Добавить комментарий