Мирбек Атабеков: "Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишиптир"
Бүгүн, 13-май ырчы Мирбек Атабековдун апасын жана карындашын тоноп кетишкени тууралуу Barometr.kg сайты кабарлаган. Аталган жагдайды ырчы өзү да ырастаган.
Атабеков бул тууралуу өзүнүн интернет баракчасына да:
“Урматтуу, мекендештер! Коомчулукта болуп жаткан апама жана апам жашаган биздин үйгө байланыштуу куралчан уурулар тобунун үйгө киргендиги боюнча төмөнкү маалыматты билдиргим келет.
- Чындыгында 5-майдан 6-майга караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар (каракчылар) кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп, үркүтүү менен үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат”, -деп окуя качан жана кандай болгонун жазып бийликтен жана депутаттардан укук коргоо органдарына тиешелүү ыйгарым укуктарын күчтөндүрүүсүн суранды.
Ырчынын сахналаш кесиптештери жана күйөрмандары күңүл айтышууда.
Добавить комментарий ×