Мирбек Атабеков 1 жашка чыга элек кызын кимге кудалап койду?

18 января 2019 13:16 3051 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Мирбек Атабеков үй-бүлөсү жана жакын санаалаштары менен Дубайда кышкы каникулдарын өткөрүп, эс алып жүргөн чагы. Алар күн сайын жаңылыктары жана өткөргөн кызыктуу көз ирмемдери инстаграм аркылуу бөлүшүп келет.

Кечээ Атабеков алып баруучу Нурсултан Майназаров экөө балдары менен түшкөн сүрөтүн жүктөп:

“Нурсултан Майназаров менен алдын ала кудалаштык” –деп баяндама жазды.

Ырчынын окурмандарынын жарымы бул тамаша дешип “жакшы кыласыңар”, “туура, Нурсултан жетишкен турбайбы” дешсе хейтерлер “уят эмеспи”, “баланын тагдырын сен чечпейсиң”, “бул эми эмнеси” деген өңдүү терс ойлорун жазып калтырышты.

Эске салсак Мирбек Атабековдун кызынын аты Ыйман, ал бир жашка чыга элек.

Ал эми Нурсултан Майназаровдун уулунун аты Нурмухамад Амин. Ал да бир жашка чыга элек.

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-atabekov-1-zhashka-chyga-elek-kyzyn-kimge-kudalap-kojdu



Добавить комментарий