Мирбек Асаналиев: “Нарындын балатысын чалдын дамбалындай эле кылыптыр го, уйдун куйругуна уйгак жабыштырып койгонсуп”

31 декабря 2018 11:51 5804 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Жаңы жыл майрамынын символу аяз ата менен аяз кыз жана кооз жасалгаланган балаты десек адашпайбыз. Жыл сайын жети дубандын борборлорунда элге майрамдык маанай тартуулоо максатында балаты орнотулуп, ири суммадагы акча менен кооздолуп келет. Быйылкы жылдагы балатылардын арасынан Нарын шаарыныкы коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Айрым интернет колдонуучулар “Мэрия ашыкча чыгым кетирбей, бюджеттин акчасына өтө кылдат мамиле жасайт окшойт да. Акча кетирбей, андан-мындан чогултуп келип эле жасашкан го”-деген өңүттөгү ойлорун да калтырышты.

Ал эми журналист Ильич Кулназаров Facebook баракчасына “Килтейген бир дубандын борбору. Жаңы жылдык балатынын кейпи бул. Ушундан көрө койбой эле койбойбу! Жок дегенде элдин жаңы жылдык маанайын көтөргөнгө жарашпайт, иштеп кыйраткандарын айтпай эле койоюн!”-деп пикирин билдирген.

Аймактагы балатыларды сындагандардын бири журналист Мирбек Асаналиев “Адилет акем айткандай Нарындын балатысын чалдын дамбалындай эле кылыптыр го, уйдун куйругуна уйгак жабыштырып койгонсуп. 220 миң сомго мен сонун жасамакмын деп чыгып атышат элдик, карапайым тендершиктер”-деп жеке көз карашын Facebook баракчасына жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-asanaliev-naryndyn-balatysyn-chaldyn-dambalyndaj-ele-kylyptyr-go-ujdun-kujruguna-ujgak-zhabyshtyryp-kojgonsup



Добавить комментарий