Министрликтер жана мекемелер согуш ардагерлерин колдоого алды
Кыргызстандагы министрликтер жана мекемелер 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо жана алардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча милдеттенмелерди алышты. Бул тууралуу өкмөттүн Аппаратынан билдиришти.
Бул иштер президенттин «Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, ошондой эле согуштун ардагерлеринин маселелерин чечүүгө мамлекеттик органдардын көңүл буруусу боюнча чараларды кабыл алуу максатында жасалууда.
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ардагерлерге туруктуу негизде социалдык жана финансылык жардам көрсөтүшүп, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга аракеттенишет.
Эске салсак, 2019-жылы 380 ардагер болсо, азыр алардын саны 262и түзөт. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети дагы майрамды белгилөөгө аракеттерди көрүп жатат.
Добавить комментарий ×