Министрлик: Кыргызстанда чочколор азайып кетти
Кыргызстанда чочконун саны 16,5 миңге азайып, 34,7 миңди түздү. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмүнүн маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-февралына карата өлкөдө 29,9 миң тонна эт өндүрүдгөн, бул былтыркыга караганда 498 тоннага же, 1,7 пайызга көп. Эттин көбөйүшү өлкө аймагында малдын көбөйүшү менен байланыштуу.
Улуттук статистка комитетинен кабарлашкандай, 2020-жылдын 1-январына карата бодо мал 53,1 миң башка көбөйүп, 1 миллион 680,4 миң башка жеткен.
Андан сырткары кой менен эчки 97 миң башка көбөйүп 6264,9 миңди түзсө, жылкы 23,9 миңге көбөйгөн. Ошондой эле үй канаттуулары дагы көбөйгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-kyrgyzstanda-chochkolor-azajyp-ketti
Добавить комментарий ×