Министрлик: коронавирус жуккан бир укук коргоо кызматкери реанимацияда
Кыргызстанда 612 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды. Алардын ичинде 12 укук коргоо кызматкери менен 157 медкызматкери бар.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, укук коргоо органдарынын бир өкүлү реанимацияда.
“Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган, алардын ичинен бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат”, - деди ал.
Үсөнбаевдин айтымында, алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган.
Ал ошондой эле, 22-апрелге карата бир суткада 10 медициналык кызматкери коронавирус жуктуруп алганы тастыкталганын айтып, бүгүнкү күнү илдет жуккан дарыгерлердин саны 157ге жеткенин кошумчалады.
22-апрелге карата дарт жуктуруп алган дарыгерлер төмөнкү аймактарда:
Жалал-Абад облусунда – 2
Ош облусунда – 1
Ош шаарында – 3
Нарын шаарында – 1
Бишкек шаарында – 3.
Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-koronavirus-zhukkan-bir-ukuk-korgoo-kyzmatkeri-reanimaciyada
Добавить комментарий ×