Министрлик: Чүй облусунда кургак учук дартына чалдыккандар көп

4 октября 2018 18:20 1449 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин бугунку жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Чүй облусунун тургундары кургак учук дартына көп чалдыгып жатканын айтты.

 Жыйындын журушундө  депутаттар Кыргызстандын кайсы аймагында медициналык жабдуулар өзгөчө жетишсиз экенине кызыкты. Ошондой эле, гранттык каражаттын көлөмү аз болуп калганы белгиледи.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, азыркы учурда Чүй облусунун тургундары кургак учук дартына көп чалдыгууда. “Ушу тапта кургак учук менен ооругандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Атайын каттоого алынгандын саны 1216 адамга жетти”, - дейт ал.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-chj-oblusunda-kurgak-uchuk-dartyna-chaldykkandar-kp



Добавить комментарий