Министр: Эгерде ийнени колу менен кармабаса, медициналык кол кабы жок эле эмдей берсе болот

31 марта 2021 11:24 4285 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина менен эмделгенден кийинки абалы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу министр “Биринчи радионун” түз эфири учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, эмдөөдөн өткөндөн кийин, бир аз башы айлангандай болгон. Бир сааттан кийин баары өтүп, эч кандай терс көрсөтмөлөрү жок көтөрүп кеткен.

“Албетте, биринчилерден болуп вакцинаны алып жатканда башкача сезимдер болду. Бирок, мен билгем, эч кандай терс белгилери жок өтөрүнө. Анткени, мен Кытайдын вакцинасын колдонгон өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери менен сүйлөшүп, эч кандай терс таасирлери жок өткөнүнө толук ишенгем”, - деди Бейшеналиев.

Ошону менен катары эле, соцтармакта кызуу талкууга айланган “медайым медициналык кол кабы жок министрди эмдеди” деген сын-пикирлерге жооп берди.

“Бул вакцина бир жолу колдонуучу шприц менен эмделет. Ошондой эле, ийнеге эч ким тийбейт да. Ошондуктан медициналык кол кабы жок эле эмдей берсе болот”, - деп жооп берди.

Эске сала кетсек, 29-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдан алынып келинген вакцина менен биринчилерден болуп түз эфирде эмделген. Бирок, интернет колдонуучулары министрди медициналык кол кабы жок эмдеген медайымга карата катуу сын айтышкан. Көпчүлүк интернет колдонуучулары "медайымдар министрге ушундай жоопкерчиликсиз мамиле кылып жаткандан кийин, жөнөкөй жарандар кеп козгобой эле коюшу керек" деген оюун айтышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-zn-medicinalyk-kol-kaby-zhok-emdegen-medajymdyn-ish-araketine-kandaj-baa-berdi



Добавить комментарий