Министр ырчы Малик Аликеевдин үйүнө барып наам тапшырды

5 апреля 2021 09:26 3727 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы Малик Аликеевге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, ырчыга наамды кече, 4-апрелде Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Таласка барып тапшырып келген.

“Малик Аликеевге Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардактуу наамын Кайрат Иманалиев тапшырып келди. Сыйлыкты министр Малик Аликеев өзү  жашаган үйүнө Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барып тапшырды.  

Министр ырчынын үй- бүлөлүк абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун жана премьер-министри Улукбек Мариповдун атынан материалдык жардам тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Малик Аликеев 2020-жылы кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып, жарым жыл төшөктө жатып калган. Кийинчерек ырчы борбор калаага алынып келинип,  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан өткөн жылы июль айында эки жолу операция жасалган.  

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-yrchy-malik-alikeevdin-jn-baryp-naam-tapshyrdy



Добавить комментарий