Министр: Уу коргошун менен 300гө жакын бейтапты айыктырдык
Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып, уу коргошунду коронавируска каршы дары катары колдонуп көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде маалымат жыйын учурунда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
“Садыр Нуркожоевич коронавирус жаңы Кыргызстанга келгенде эле, абактан бул илдеттин дарысын тапкандыгы тууралуу ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдоптур. Бирок, президент Жапаровдун катын окуп да койбоптур.
Анан, мага кайрылды. Мен ал кезде жөн эле дарыгер болуп иштечимин. Мен алдым дагы туугандарыма бердим. Жакындарым дароо сакайып кетишти.
Азыркы кезде, пандемиянын үчүнчү толкуну башталганда мен Садыр Нуркожоевичке өзүм кайрылдым. Сиз мага кандай дозада, кантип беришибиз керектиги тууралуу тактап бериңиз деп. Себеби, президенттин атасы буга чейин, көптөгөн адамдарды уу коргошун менен дарылап, айыктырып жүрчү экен.
Эми, бизге президент өзү дозасын аныктап берип жатат. Биз аны кайнатып, желим баштыктарга куюп, ооруканаларга жеткирип жаттык”, – деди министр.
Министрдин айтымында, учурда 300 бейтапты уу коргошун менен дарылап, айыктырып, чыгарышкан.
Ошондой эле, министр уу коргошунду ыссык түрдө кабыл алышы керек экенин баса белгиледи.
"Эгерде, уу коргошунду муздак ичип алган болсо адам өлүп калат. Ошондуктан, бул чөп дарыны ичкенден кийин муздак суу, бал муздак жебеш керек. Анан, уу коргошунду кабыл алган адам чүмкөнүп, жылуу, тердеп жатыш керек", - деп кошумчалады министр.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарандарды коронавируска каршы уу коргошунду колдонууга тыюу салат.
Ссылка: https://barometr.kg/ministr-uu-korgoshun-menen-300g-zhakyn-bejtapty-ajyktyrdyk
Добавить комментарий ×