Министр Ош шаарында жаңы милиция бөлүмүнүн ачылышына катышты

19 марта 2019 14:57 1305 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында Ички иштер министр Кашкар Джунушалиевдин катышуусунда Ак-Буура милиция бөлүмүнүн базасындагы жаңы №4 шаардык милиция бөлүмүнүн ачылышы өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин түштүк аймакка болгон кызматтык иш-сапарынын жүрүшүндө 19-март күнү Ош шаарында Курманжан датка кичирайонунда жайгашкан Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн базасындагы №4 шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов, Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, шаардык башкармалыктарынын  милиция бөлүмүнүн  жетекчилери менен өздүк курамы жана ички иштер органдарынын ардагерлери катышышты. Жаңы №4 шаардык милициянын бөлүмү Курманжан датка кичирайонун, студенттик шаарчанын,  Өзгур айылынын, “Таатан” соода түйүнүнүн аймагын тейлеп, андан сырткары жай мезгилинде Ак-Буура дарыясынын  жээгинде эс алгандардын коомдук тартибин көзөмөлдөшмөкчү.

№4 Шаардык милиция бөлүмүнүн карамагында Ош шаарынын 35 миң жашоочусу, андан сырткары студенттик шаарчада жогорку окуу жайлардын, орто-техникалык колледжтин жана төрт орто мектептин 30 миңден ашык  студенттери менен окучуулары окушат. Милиция кызматкерлери үчүн шарттарды жакшыртуу тартип сакчыларынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө оң таасирин берет. Ошол эле убакта жардам көрсөтүү үчүн кайрылгандарга дагы милиция бөлүмүндө  жүрүүсү ыңгайлуу болот.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев чогулгандардын алдына чыгып, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, коомдук тартипти сактоого,  укукка каршы иш-аракеттерден калкты коргоого чакырды. “Кадрларга, материалдык-техникалык камсыздоолорго байланышкан бардык маанилүү маселелер чечилет. Биз калктын урмат-сыйына жана ишенимине ээ болуп, ички иштер органдарынын беделин көтөрүүбүз керек”,-деп Кашкар Джунушалиев билдирип кетти.

ИИМдин башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан региондорду өнүктүрүү, өлкөдөгү укуктук тартипти камсыздоо боюнча бир катар маанилүү тапшырмалар коюлгандыгын белгиледи. Кашкар Джунушалиев, “2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялангандыктан, биз милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөлөрү үчүн бардык шарттарын түзүп, андан сырткары аларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бүгүн, милиция кызматкерлери жана ардагерлер бөлүмдөрдүн ишине жигердүү катышышып, кылмыштарды алдын алуу жана ага бөгот коюуга, милициянын өздүк курамынын  күжүрмөн даярдыгын колдоодо зор залымдарын кошушууда”,-деп Кашкар Джунушалиев баса белгиледи.

Түштүк аймакка болгон иш-сапарында  ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев  Ош ШИИБдин бөлүмдөрүн жеке өзү текшерип,  соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы мыйзамдар менен кодекстердин талаптарын аткаруу боюнча негизги маселелер каралды. Ошондой эле, ИИМдин башчысы  кызматтык милдеттерин кынтыксын аткаруу, өздөрүнүн аймактарындагы тапшырмаларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу тапшырмасын койду. Өзгөчө кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоого көңүл бурду.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-osh-shaarynda-zhay-miliciya-blmnn-achylyshyna-katyshty



Добавить комментарий