Министр Ички аскердин жаңы колбашчысы Исламбек Кенжекуловду өздүк курамга тааныштырды

5 марта 2019 12:56 2633 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана  орун басары Алмаз Орозалиев  ИИМдин Ички аскеринин колбашчысы, полковник  Исламбек Кенжекуловду өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Мурда тапшырылган обьектерди коргоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмалар, мамлекеттин, коомдун жана жеке инсандын  кызыкчылыктарын, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде болуп,  аны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскери (мындан ары Ички аскер) аткарып келген. 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички аскер Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумуна кирген Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамынан чыгарылган. Ички аскердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн  Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон. Ушуга байланыштуу, коомдук тартипти, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүмүн, 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесиинин 10-пунктун жетекчиликке алуу менен, токтом чыгарылган: Анда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына мурда берилген штаттын, документтердин, имараттардын, курулуштардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички аскерин түзүү туура деп эсептелсин деп айтылат. 

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, Ички аскердин колбашчысын тааныштырып жатып, аны офицер катары мүнөздөп, өзүнүн кызматтык ишмердүүлүгүндө ички аскерлер тармагында ар кандай жетекчилик орундарда иштеп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Ички аскеринин аскердик бөлүгүнүн кызматын көп жылдар бою жетектеп келгендини маалымдоо менен: “Анын  жумуш учурундагы топтолгон практикалык тажрыйбасы, берилген багыт боюнча ишмердүүлүктү сабаттуу уюштургучтугу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы –Кыргыз Республикасынын Президентинин биздин алдыбызга койгон тапшырмаларын ийгиликтүү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет”-деп билдирди.

Кенжекулов Исламбек Абдирашитович 1968-жылы туулган.  Жогорку билимдүү. Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясын аяктаган.  Ички иштер органдарындагы кызматын 1997-жылы баштаган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскеринин ротасынын колбашчысы, взводунун командиринин орун басары, взводдун командири, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскеринин “Шер” атайын багыттагы отрядынын колбашчысы,  күжүрмөн даярдык боюнча башчысынын орун басары, жалпы аскердик даярдануу  кызматынын улук офицери,  703 аскер бөлүгүнүн колбашчысы жетектөөчүлүк кызматтарда иштеген. Андан соң ички аскер Улуттук Гвардияга өткөрүлүп берилген соң Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын колбашчысынын орун басары болуп иштеп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-ichki-askerdin-zhay-kolbashchysy-islambek-kenzhekulovdu-zdk-kuramga-taanyshtyrdy



Добавить комментарий