Министр Айдарбеков Консультативдик топ менен 2020-жылдагы өз ара иштөө багыттарын талкуулады

24 декабря 2019 20:10 6254 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында министрликтин алдындагы Консультативдик топтун кезектеги жыйыны өттү.

Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Жолугушууда экономикалык кызматташууну бекемдөөнүн конкреттүү иш-аракеттерине жана мындан аркы келечегине, ошондой эле бизнес долбоорлорду даярдоого жана аларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консультативдик топтун 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү боюнча агенттигинин, Экономика, Финансы, Айыл чарба, Туризм министрликтеринин, ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргызстандын бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/ministr-ajdarbekov-konsultativdik-top-menen-2020-zhyldagy-z-ara-isht-bagyttaryn-talkuulady



Добавить комментарий