Бишкекте автобустарга терминал орнотулуп, электрондук тѳлѳм сентябрдан башталат

28 августа 2019 12:15 1348 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта Бишкек шаардык бийлик автобустарда жол кире төлөмүн электрондук түргө өткөрүүнү пландаштырууда.

Бишкектин жүргүнчүлөр автотранспорту ишканасынын директору Нурлан Койчубаков: “Жалпысынан бизде 400 коомдук унаа бар. “Электрондук билет” системасы өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылган. Бул жактан алганда биз жаңы нерсе ойлоп тапкан жокпуз. Бул системанын жакшы жактары көп. Башкысы – жол коопсуздугу. Айдоочу жол кире акысын алып, кайра акча кайрып берип алаксыбайт”, - деди.

Аны менен бирге ал төлөнгөн жол кирелерден көбүрөөк каражат чогуларын белгилеп өттү.

Койчубаков система тууралуу айтып жатып, автобустарга терминал орнотула турганын белгиледи. Төлөм жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөр атайын чип, электрондук карта же колго таккан билерик сатып алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/minicipialdyk-unaalarda-elektronduk-tlm-sentyabrdan-bashtalat



Добавить комментарий