Миллиардер Джек Манын 2 айдан бери көрүнбөй жатканын айтып, тынчсыздангандар көбөйдү
Alibaba интернет дүкөнүнүн негиздөөчүсү Джек Ма эки айдан бери эл алдына чыга элек, миллиардер ошондой эле Africa’s Business Heroes телешоусунун акыркы эпизодуна да катышкан жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кытайдын ири ишкери октябрь айынын аягында Шанхай шаарында өткөн форумдан кийин эл алдына чыга элек болчу, анда Джек Манын Ant Group тобу Шанхай жана Гонконг биржаларында ачыкка чыгып, 34 миллиард доллар чогултмакчы болгон, бул Кытайдын жана дүйнөнүн тарыхындагы эң ири IPO болмок.
Alibaba компаниясынын өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, ишкердин келбей калышы анын графигиндеги өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан жана башка комментарий берүүдөн баш тартты.
Миллиардердин кабарсыз кеткендиги тууралуу кабар твиттерде кеңири таркап жатат. Бирок аталган тиркеме Кытайда колдонууга тыюу салынган. Ошондой эле, Джек Манын "жоголуп кетиши" Кытайдын соцтармактарында кызуу темага айланган жок, себеби мындай темада кеп кылып, талкуулоонун өзү коркунучтуу.
Кытайлык жөнгө салуучу органдар октябрь айындагы Манын сөзүнөн кийин анын бизнесине, анын ичинде Alibaba интернет дүкөнүнө каршы тергөө ишин башташты. 28-декабрда Кытайдын Борбордук банкы Ant Group компаниясына түп тамырынан кайтып келип, финансылык кызматтарды көрсөтүүгө көңүл бурууга буйрук берди. Компанияга насыя берүү, камсыздандыруу жана активдерди башкаруу кызматтарын каржылык көзөмөл эрежелерин сактоо үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү буйрулган.
«Менин оюмча, ага бир канча чектөөлөр киргизилген. Бул Ant группасынын ири масштабына жана каржылык жөнгө салууга болгон сезимталдыгына байланыштуу кыйла уникалдуу кырдаал», - деди BDA China Пекиндик технологиялык консультанттын төрагасы Дункан Кларк.
Буга чейин Жек Ма антимонополдук тергөөнүн айынан Alibaba интернет дүкөнүнүн акцияларынын кулашынан 3,5 миллиард доллар жоготкону кабарланган.
Добавить комментарий ×