Ош шаардык милициясынын кайгуул-күзөт кызматына сынак жарыяланды
Ош шаары жана республиканын аймактарында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пилоттук долбоордо, Милициянын кайгуул кызматынын түзүмдөрүнүн штаттык эсебинин структуралары түзүлүп берилген. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККББнын «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ш. ИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмүнүн курамындагы кызмат орундарын толтуруу боюнча конкурс өткөрүү» буйругун аткаруу максатында 16-мартта Ош ШИИБ боюнча МКК бөлүмүнүн 219 кызмат ордуна сынак жарыяланган.
2020-жылдын 5-июнунан баштап сынак өткөрүү боюнча иш-чаралар улантылып, талапкерлердин документтери кабыл алынууда.
Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары болгон, эркек жана аялдар катыша алат.
Талапкер болгон жарандардын жаштарды:
- Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар
- Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер болууга шарт
Сынактын катышуучулары болуп ИИМдин кызматкерлери карата жаш курактык талаптар, катышуулары учурдагы мыйзамдарга ылайык каралат.
- Соттолбогону тууралуу маалымат.
- «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш.
- Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек.
Бөлүмдүн начальнигинин кызмат ордуна тургандар үчүн – укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына болууга тийиш.
Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек.
Биринчи сынакка катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи конкурска катыша алышат.
Бош кызмат орундарынын тизмеси тууралу малыматты кадрлар бөлүмүнөн жана ИИМдин ЖКККББнын расмий сайттын маалымат бөлүгүнөн таанышсаңыздар болот.
Сынакка катышууга документтер 2020-жылдын 6-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Кадлар бөлүмү кызматкерлери тарабынан Ош шаары Касымбеков көчөсү 30 дареги 2- кабатта кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү тел. +996 3222 3-9563, +996 3222 3-9562.
Эскерте кетсек, Республикада CОVID-19 вирустук инфекциясын жугузуп алуу коркунучу аныкталганына байланыштуу 25-мартта конкурстук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштер убактылуу токтотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciyanyn-kajguul-kzt-kyzmatyna-synakka-erkeketer-zhana-ayaldar-katysha-alat
Добавить комментарий ×