Бишкектин көчөлөрүнө жол эрежесин сактоону эскерткен баннерлер илинди (Сүрөт)

27 июня 2020 13:34 1669 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек шаарынын бир канча көчөлөрүнө жол эрежесин сактоону эскерткен баннерлерди орнотту. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Кечээ, Бишкек шаардык ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу, үйбүлөлүк чыр-чатакка жол бербөө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо, жарандар жана жаш балдар катышкан жол кырсыгынын алдын алуу, жолдо жүрүү учурунда коопсуздук курун жана ылдамдыкты көрсөтүлөн белгиде айдоо боюнча айдоочуларга үгүттөө, эскертүү иретинде Бишкек шаарынын Киев жана Исанов, Ахунбаева жана Чапаева, Ден Сяопин жана Каракумская, Ден Сяопин жана Пишпек, Гагарина жана Айтматова, Киевская жана Тыныстанова, көчөлөрүнүн кесилишине жан Элебесова, Тыналиева көчөлөрүнө, жалпысынан 10 баннерлер орнотулду.

Ошондой эле, жай мезгили туристтик сезон болгондуктан туристтерди тартуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын жакшы эс алышына шарт түзүү максатында, аларга которуу, багыт берүү иретинде атайын туристтик милициянын сүрөттөрүнүн катышуусундагы баннерлер даярдалып чоң көчөлөргө илинди.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciyanyn-kajguul-kyzmaty-tarabynan-bishkek-shaarynyn-bir-kancha-kchlrn-banerler-ornotuldu



Добавить комментарий