Милициямын деп фармацевттерден опузалап акча алган адам кармалды

17 ноября 2021 12:47 1507 Barometr
Поделиться в:
ok

Опузалап акча алууга жана документтерди жасалма жасоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

15-ноябрда түн ичинде Новопавловка айылындагы дарыканага эркек киши келип, фармацевтке милициянын күбөлүгүн көрсөтүп, акча талап кылган. Акчаны алгандан кийин кетип калган. Фармацевт ал кеткенден кийин милицияга кайрылган, окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери келген.

Чүй областтык ИИББнын жана Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөөчүлөрү 1987-жылы туулган Д.А.ны кармашты. Ал сурак маалында милицияда иштебей турганын, ал эми күбөлүктү жасалма жасап алганын билдирген.

Кармалган адам камакка алынды.

Ал Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Бишкек шаарындагы буга окшогон кылмыштарга катышы бар экени аныкталды.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал дарыканага кирип психотроптук дарыларды сураган, аны рецеби жок беришкенден кийин күбөлүгүн көрсөтүп, бул фактыны жашырып берем деп акча алган.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciyamyn-dep-farmacevtterden-opuzalap-akcha-algan-adam-karmaldy



Добавить комментарий