Милициялар Кара-Жыгачта жоголгон эки кызды табууга көмөктөштү
Бишкектин милиция кызматкерлери жоголуп кеткен кыздарды таап, алар ата-энелерине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
18-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Кара-Жыгач жаңы конушунда эки кичинекей кыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле М.У. жана Т.Н балдары жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рээстирине катталган.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, 2013-жылы туулган Т.Р. жана 2013-жылы туулган М.А. үйдүн жанында ойноп туруп болжол менен саат 19:55те жоголгондугун аныкташкан.
Тиешелүү иш-чаралар көрүлүп, милиция кызматкерлери саат 22:15те аталган жаңы конуштун аймагынан кыздарды табышып ата-энелерине аман-эсен өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciyalar-kara-zhygachta-zhogolgon-eki-kyzdy-tabuuga-kmktsht
Добавить комментарий ×