Милицияга зор салымдарын кошкон коомдук уюмдардын жеңүүчүлөрү аныкталды
Коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда кошкон салымы үчүн, «Мыкты коомдук алдын алуу борбору», «Мыкты Аксакалдар соту», «Мыкты элдик кошуун», «Мыкты Аялдар кеңеши» жана «Мыкты жаштар кеңеши» республикалык сынактар өткөрүлүп, төмөндөгү жеңүүчүлөр аныкталды.
-«Кыргыз Республикасынын мыкты коомдук алдын алуу борбору»:
- Жалал-Абад облусунун, Ноокен районунун, Кочкор-Ата шаар аймагынын, коомдук алдын алуу борборунун башчысы Артыков Базаркул Артыкович;
-«Кыргыз Республикасынын мыкты Аксакалдар соту»:
-Нарын облусунун, Жумгал районунун, Чаек айыл аймагынын Аксакалдар сотунун төрагасы Турускулов Көрөчбек;
-«Кыргыз Республикасынын мыкты элдик кошууну»:
-Ысык-Көл облусунун, Чолпон-Ата шаарынын, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын элдик кошуунунун уюштуруучусу Жайылбеков Аскар Жайылбекович;
-«Кыргыз Республикасынын мыкты аялдар кеңеши»:
-Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаар аймактык кеңешинин коомдук алдын алуу борборунун аялдар кеңешинин төрайымы Хамракулова Рахатай Джураевна;
-«Кыргыз Республикасынын мыкты жаштар кеңеши»:
-Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айыл аймагынын, Асан-Чек айыл кеңешинин коомдук алдын алуу борборунун жаштар кеңешинин төрөгасы Токтомуратова Рапия Жеңишбековна.
ИИМдин маалыматы боюнча мыктыларга ленталар жана 10 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciyaga-zor-salymdaryn-koshkon-koomduk-uyumdardyn-zhechlr-anyktaldy
Добавить комментарий ×