Милициядан кордук көргөн жаран Президенттен, Башкы прокурордон колдоо сурап кайрылды

21 сентября 2018 16:05 2435 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициядан кордук көргөн жаран президент Сооронбай Жээнбековдон, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден колдоо сурап кайрылды. Бул тууралуу жабырлануучу Арсен Жумабеков өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Жумабеков өзүн сабаган милицонерлердин жазасыз эркиндикте журүшү анын жана үй бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын билдирген.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мени токмоктогон милиция кызматкерлери боюнча кайрылуумду Өзүңүз жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам. Мүмкүн мен жашоодо жаңылып, бир кездери мага карата кылмыш ишин козгошкондур, бирок мен акталгам, мен күнөөсүзмүн, ошондо эле милиция менин ишимди алдын-ала максат менен иликтешкен. Мен бардык беренелер боюнча акталгам!

Урматтуу Президент, мен күнөөсүзмүн! Сооронбай Шарипович, ушул жылдын башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сиз өлкөнүн бардык укук коргоо органдарынын кадрларын тазалоо керектигин, тартип сакчылыгында турган кынтыксыз таза кызматкерлердин болушун айткансыз. Менин кайрылуумдан улам Сиз ИИМге байланыштуу ушундай чуулгандуу иштерди жеке көзөмөлүңүзгө аласыз деп ишенем.

Мени сабаган милиционерлер учурда ММКлар аркылуу мага каршы кодулоолорду уюштурушууда. Алар журналисттерге мени УКТ мүчөсү, адам өлтүргүч жана каракчы деген чындыкка коошпогон маалыматтарды беришкен. Погончон айбандар мени коркунучтуу кылмышкер катары көрсөтүп журналисттерди эле эмес, жалпы коомчулукту адаштырууда. Бул факты дагы уул, ата жана жолдош катары менин кадырыма таасир этпей койгон жок. ММКларда таркатылган жалган материалдар менин боюнда бар жубайымдын саламаттыгына да терс таасирин тийгизип, учурда анын боюнан түшүү коркунучу жаралууда.

Болуп өткөн картинанын толуктугу үчүн Ильяз Жабдалов өзү кечирим суроо үчүн үйүмө келип, менин каршы арыз жазып берүүм жана ага карата нааразылыгым болбошу үчүн өзүнүн автоунаасын, ири суммадагы акча сунуштаганын тартып алган тасманы бергим келет. Ошондой эле, ал кайсы сот жана прокурор болбосун сатып алуу үчүн жетишээрлик көп акчасы бар экендигин айткан. Жабдалов прокуратура өзүн жана шериктерин СИЗОго камабашы үчүн кам көрүп койгон деп шектенем. Ленин райондук прокуратурасы ишти Башкы прокуратурага бергенинен кабарым бар, бирок менин ишим дагы деле ордунан жылбай турат, прокурорлор менден каршы арыз алып келип, жазадан кутулуп кетиш үчүн Жабдаловго мүмкүнчүлүк түзүп беришүүдө.

Мага Ильяз Жабдаловдун таза эмес жолдор менен, күнөөсүз адамдардын көз жашын агызып опузалоо жолу менен тапкан акчасынын кереги жок. Мен адилеттикке жетким келет, милиция элге каршы эмес, карапайым эл үчүн иштешин каалайм. Мен көп жылдардан бери өкүм сүрүп, а ИИМдин жогорку жетекчилиги аларга көз жумуп келаткан менттердин бул зомбулугуна мындан ары карап тура албайм”, - деп жазылат кайрылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciyadan-korduk-krgn-zharan-prezidentten-bashky-prokurordon-koldoo-surap-kajryldy



Добавить комментарий