Милиция жаалданган топту профсоюздар федерациясынын башчысы Асанакуновдун кабинетине киргизген жок

25 февраля 2020 13:07 651 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 25-февралда, Профсоюздар федерациясынын башчысы Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылып митингге чыккандардын айрымдары анын кабинетине киргенге аракет кылганы менен милиция ага жол берген жок.

Митингдин катышуучулары “Ак үй” тарапка бет алып, кийин кайта профсоюздар федерациясынын имаратынын алдына келип, Асанакуновдун кабинетине кирүүгө аракет кылышкан.

Бирок кирем деп жулунгандарды милиция кызматкерлери менен Асанкуновдун айдоочусумун деген бир киши тосту. Митингге чыккандар аялдар менен ардегерлерди киргизүүнү суранганы менен милиция ага макул болгон жок. Ал ортодо белгисиз киши менен митингчилердин ортосунда кайым айтышуу болуп, милиция аларды арачалаганга аргасыз болду. Айрымдары Асанакуновдун аты жазылып турган тактайчаны жулуп алууга аракет кылышты.

Андан сырткары Асанакуновдун кабинетинин жанында үч аял ачкачылык жарыялап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-zhaaldangan-toptu-profsoyuzdar-federaciyasynyn-bashchysy-asanakunovdun-kabinetine-kirgizgen-zhok



Добавить комментарий