Милиция: Токтогулда көчмө кабылдама мал уурулуктун алдын алуу чараларын көрүп жатат

27 января 2021 11:48 1830 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ички иштер бөлүмүндө көчмө кабылдама иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Көчмө кабылдама менен милиция кызматкерлери район аймагындагы элдер менен жолугушуп арыз-даттанууларын кабыл алышып, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшүүдө.

"Тартип сакчылары жарандарды мал уурулуктарынын алдын алууга үндөп жатышат. Өз карамагындагы малдарды көзөмөлдөөгө жана суук мезгилдерде талаага коё бербөөгө чакырышууда. Ошондой эле, мал базарларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандарга акчаларын  ишенимдүү сактап жана сак болуу керектиги эскертилүүдө.

Мындан сырткары жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамы унаасы менен мектептерге барышып профилактикалык жумуштарды алып барышууда. Бул унаанын РИИБге келишин жергиликтүү тургундар да жылуу кабыл алышып, милициянын учурда аткарып жаткан жумуштарына ыраазычылык билдиришип, алкоого алып жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-toktogulda-miliciyanyn-kchm-kabyldamasy-kalk-arasynda-kylmyshtuuluktun-aldyn-aluu-charalaryn-krp-zhatat



Добавить комментарий