Милиция поезд сүзүп кеткен кишини таанууга көмөк сурайт. Абайлагыла фото!

6 марта 2019 12:28 4435 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Аламүдүн районунда эркек кишини поезд сүзүп кетип каза тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык 4-мартта болгон. 45-50 жаштар чамасындагы эркек киши дарыгерлерге келгенге чейин көз жумган. Анын сөөгү моргго жеткирилген.

Милиция каза тапкан адамды таанууга көмөк сурайт. Анын бою 165-170 сантиметр, чачтары кыска, кара тору, бети сүйрү, мурду кырдач. Көгүш кепка, кышкы, кочкул көк свитер, кызыл футболка, кара джинсы, бутуна кроссовки кийип жүргөн.

Бул адам тууралуу маалымат билгендер болсо 0702102702, 0312351270, 0701351270 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-poezd-szp-ketken-kishini-taanuuga-kmk-surajt-abajlagyla-foto



Добавить комментарий