Милиция мыйзамсыз жол менен ири көлөмдөгү сымапты саткан жаранды кармады
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдө уулу затты ташып бараткан жаранды кармашты.
Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.
ИИМдин Жалал-Абад областындагы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери колго түшүргөн шектүүнүн жанынан 356 килограмм сымап уулуу заты чыккан.
Шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча 22-февралда атайын операция жүргүзүлүп, Баткен областынын Кадамжай районунда 1961-жылы туулган М.Э аттуу жарандын «Лексус RX-330» унаасы токтотулуп, текшерилген. Айдоочунун жанынан 356кг сымап чыккан. Бул окуя кылмыштарды каттоо китебине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Окуяга байланыштуу Кылмыш Жаза-Кодексинин 277-«сатуу максатында адамдын ден соолугуна катуу таасир этүүчү же уулуу затты мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-myjzamsyz-zhol-menen-iri-klmdg-symapty-satkan-zharandy-karmady
Добавить комментарий ×