Милиция: Мөөнөтү бүтүп калган чет өлкөлүк же транзиттик номурлуу авто унааларга көзөмөл күчөтүлөт

12 января 2021 16:36 749 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 252 чет өлкөлүк унаалар аныкталып, анын ичинен бешөө убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

"Бишкек шаарындагы милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 1-январдан тартып, 7-январга чейин бир жума аралыгында  жол эрежесин бузган же каттоо нөөмөтү өтүп кеткен 252 чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу  авто унаалар аныкталды. Алардын ичинен 161 транзиттик номур, 58 Россиянын  номуру, 4 Армениянын номуру, 6 Азербайжандык номур жана башка 23 чет өлкөлүк номурлуу авто унааларга карата Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин негизинде тийешелүү протоколдор түзүлүп, айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 5  чет өлкөлүк номурлуу авто унаанын  каттоо нөмөтү өтүп кеткендиги үчүн убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарындагы милициянын кайгуул кызматынын айтымында,  атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында койулган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү авто унааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-mnt-btp-kalgan-chet-lklk-tranzittik-nomurluu-avto-unaalarga-kzml-kchtlt



Добавить комментарий