Милиция: Маршруттук таксилерге бүгүн эскертүү бердик, эртең катуу чара көрөбүз

20 июня 2022 16:13 834 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин катышуусунда жол кырсыктары көбөйүп жаткандыктан, аларга жол эрежесин сактоо тууралуу эскертүү берилди. Бул тууралуу кайгуул кызматынын маалыматына шилтеме берип " Барометр" билдирет.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматында башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаковтун төрагалыгынын астында шаардык транспорт башкармалыгы, коомдук транспорттордун фирмаларынын жетекчилеринин жана   бригадирлеринин катышуусунда маршурттук унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу багытында ыкчам кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеде жыл башынан бери 5 айдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын айдоочуларынынс  күнөөсү менен 66 жол кырсыгы катталып, 134 жаран жаракат алып, тилекке каршы 2 жаран көз жумган. Келип чыккан жол кырсыктарынын көпчүлүгү маршурттук унаалардын айдоочулары кардар талашып, каттуу ылдамдык менен айдап, бурулуу, токтоо, жүргүнчүлөрдү салып түшүрүү, экинчи-үчүнчү катарлардан жүргүнчү салуу өңдүү жол эрежелерин так сактабагандыктан келип чыгып жатканы айтылды. Ошондой эле катуу ылдамдык менен келип, капталдан чыга койгон унаалар менен сүзүшүп, бир эле маршурттук унаадан 8-10 жургүнчү жабыркап калган фактылар катталып жаткандыгын эскертти.

"Алмазбек Исаков негизи аялдамалар 15-20 метрге чейин жасалган. Бирок көпчүлүк маршурттук унаалар аялдаманын ортосуна же соңку таза жерине токтобой, кардар талашып, аялдаманын башталышына токтоп жүргүнчүлөрдү саласыңар,  ошол себептүү да артыңарда жол тыгындары пайда болуп, кээде жол кырсыгынай чейин алып барган фактылар катталууда", - деп билдирди.

Ошондой эле, маршурттук каттамга чыккан каттамдардын баарын текшерүүгө алуу сунушталды. Анткени, бир бригада да катталган 20 маршурт болсо, каттамда (линияда) 25 маршурт жүргөн учурлары болуп жатканы айтылды.

Жол эрежесин сактабай, тоскоолдук жараткан такси унааларын көргөн учурда 0509102 122 вотсап номурга тартып жөнөтсөңүздөр болот. 

"Айрыкча жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактаңыздар, Жолдо жүрүүдө шашпаңыздар. Бүгүн эртең профилактика иретинде эскертүү беребиз. Андан ары жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын жол эрежелерин одоно бузган фактылар катталган учурда мыйзамга ылайык каттуу чара көрөбүз. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу биз үчүн өтө маанилүү", - деди кайгуул кызматынын башчысы.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-marshruttuk-taksilerge-bgn-eskert-berdik-erte-katuu-chara-krbz



Добавить комментарий