Милиция майрамда жоголуп кеткен 52 баланы ата-энесине таап берди

1 сентября 2019 15:19 1248 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек милициясы эгемендик майрам учурунда адашып-жоголгон 52 баланы таап, ата-энесине өткөрүп берди.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы билдирди.

31-август күнү Ала-Тоо аянтындагы эгемендүүлүк майрамдоо салтанатында 52 бала ата-энесинен, жакындарынан, коштоочусунан адашып калышкан. Милиция өз учурунда издөө иштерин жүгүзүп, жогологон балдардын баарын таап ата-энесине, жакындарына өткөрүп беришкен.

Эгемендик майрамы учурунда Ала-Тоо аянтында балдардын жоголуп кеткендигинен башка эч кандай кырсык, мыйзам бузуулар катталган эместигин шаардык милиция кошумчалайт.

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-majramda-zhogolup-ketken-52-balany-ata-enesine-taap-berdi



Добавить комментарий