Милиция Лимонти каймана аты бар кримтөбөл кандай шартта өлтүрүлгөнүн билдирди

28 марта 2020 16:54 3703 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы кримтөбөл Алмаз Сулайманов кандай шартта өлтүрүлгөнү боюнча маалымат таратты.

Эске салсак, 28-мартта түштөн кийин Лимонти каймана аты менен таанылган Алмаз Сулайманов киши колдуу болгону кабарланган.

"28-март күнү саат 12:50лөр чамасында Нарын шаарында "Тойота-Пассо" үлгүсүндөгү автоуунасы менен "Лексус 570" үлгүсүндөгү автоунаалар жол кырсыгына учураган. Анын натыйжасында эки айдоочунун ортосунда кайым айтышуу болуп урушуп, анан бири-бирин бычак менен сайып алган. Андан соң Нарын ОИИБдин имаратына чейин келип кирип барып "киши өлтүрүп алдым, мына алып келдим" деп Нарын шаарынын тургуну 1995-жылы туулган Ш.М. кайрылган",  деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Нарын ОИИБы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-limonti-kajmana-aty-bar-krimtbl-kandaj-shartta-ltrlgnn-bildirdi



Добавить комментарий