Милиция кызматкерлери Ново-Павловкада эки эркекти тоноп кетишти
Сокулук районунда тоноочулукка шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
29-апрелде Сокулук районунун ички иштер органдарына А.М. арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде болжол менен саат 21:00дө Ново-Павловка айылынын көчөсүнөн белгисиз адамдар анын жана таанышынын 430 долларын тартып алганы тууралуу арызданган.
Сотко чейинки териштирүү маалында шектүүлөрдүн бири милиция формасында болгону аныкталды.
Ыкчам иштердин жүрүшүндө 1-майда 23 жаштагы Ж.А., 25 жаштагы Л.Т. жана 26 жаштагы Ж.Н. кармалып, Сокулук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kyzmatkerleri-novo-pavlovkada-eki-erkekti-tonop-ketishti
Добавить комментарий ×