Милиция кызматкерлери мушташты
Поделиться в:
Милиция кызматкерлери мушташты. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуянын алдында Бишкектеги аймактык милиция кызматкерине карата даттануу келип түшкөн.
Муну териштирүү максатында Ички тергөө кызматынын тартип сакчысы келген.
Коюлган күнөөлөргө макул болбогон аймактык милиция кызматкери тергөөчү менен кайым айтышып, ортодо мушташ чыккан.
Натыйжада күнөөлөнүп жаткан тартип сакчы ооруканага түштү.
Учурда бул факты боюнча материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kyzmatkerleri-mushtashty
Добавить комментарий ×