Буга чейин изделип жаткан Ысык-Көлдүн тургуну Бишкектен табылды
Изделип жаткан Ысык-Көлдүн тургуну Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жакында, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайрат 2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигине байланыштуу анын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалган.
2020-жылдын 5-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
2020-жылдын 8-сентябрь күнү ИИМдин криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөгн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшундө Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгү аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында жүргөн. Азыркы учурда Жумабек уулу Кайрат автоунаасы менен бирге жакындарына тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kyzmatkerleri-dajynsyz-zhogolgon-zharandy-tabyshty
Добавить комментарий ×