Милиция кара куурайларды өрттөп жатат

9 июля 2021 13:30 678 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИББнин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлады.

Иш-чара 5-июлдан 11-июлга чейин өткөрүлөт. Ага 60тан ашык милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышууда.

Иш-чаралар Гроздь, Мраморное, Лебединовка, Аламүдүн, Васильевка жана башка айылдарда өткөрүлдү. Анын натыйжасында 2,5 га аянттан 3 740 кг кара куурай жок кылынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kara-kuurajlardy-rttp-zhatat



Добавить комментарий