Милиция: "Дарыканада тапанча такап, 22 миң сом алып кеткендер өспүрүм балдар"

7 декабрь 2018 16:06 1902 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте дарыкананы тоноп, тапанча менен коркутуп 22 миң сом акча алып кеткендер жаш балдар. Мындай маалыматты шаардык милиция кабарлады. 

Анда айтылгандай,  23-ноябрь күнү Ленин РИИБине тоноочулук фактысы болгон тууралуу билдирүү түшкөн. Анда белгисиз 3 адам дарыканага кирип, тапанча менен коркутуп 22 миң сом акча алып кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган И.А. жана 2002-жылы туулган М.у.Б.аттуу өспүрүмдөр кармалып, 2 айга камакка алынышты. Кылмышка шектүүлөрдүн үйүнөн тапанча, бет каптар жана баңгизат табылган.

Учурда үчүнчү шектүү изделүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-darykanada-tapancha-takap-22-mi-som-alyp-ketkender-sprm-baldar



Добавить комментарий