Милиция Данилди уурдап кетишкенин биринчи айткан кызга сыйлык тапшырды
Чүй областтык ички иштер башкармалыгы 12 жаштагы Данил Браилкинди уурдап кетишкенин кабарлаган Маликаны сыйлады.
Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай 11-апрелде Кант шаарында 2007-жылы туулган Данил Браилкинди уурдап кетишкен.
Бул кылмыштын бетин ачууга 6-класстын окуучусу 2006-жылы туулган Малика Усманова жардам берген.
Мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин катышуусу менен милиция кызматкерлери Чүй областтык ИИБдин жетекчилигинин жана жеке курамдын атынан кызга гүл, грамота жана белектерди тапшырышты.
Ошондой эле класс жетекчисине жана аталган мектепдин мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-danildi-uurdap-ketishkenin-birinchi-ajtkan-kyzga-syjlyk-tapshyrdy
Добавить комментарий ×