Милиция бизди коргобой эле кордоду!

26 июня 2018 01:30 2154 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Октябрь райондук ИИБнин начальнигинин орун басары коргобой эле, кордоду..."-деп жазды өзүн убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басарынын экс-кеңешчиси деп жазган Аилчинова Жамиля Насировна аттуу фейсбук колдонуучу. Анын айтымында Октябрь райондук ИИБнин начальнигинин орун басары Масипкулов Арман Шаршенович менен болгон чыры тууралуу социалдык баракчасына " Милиция бизди коргомок турсун кордоду" деп бети-башы көгала болгон сурөттөрүн жүктөдү жана президент баш болгон бир катар чоңдорго расмий кайрылуу жасады.  Коомчулук аткаминерлердин кызмат абалынан пайдаланып, карапайым элге кылган мамилесине терс ой-пикирлерди калтырышса, айрымдары иштин чындыгын териштирүүнү талап кылышууда. 

Берилген маалыматтарга караганда иштин чоо жайы тактала элек. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Толугу менен төмөндө: 

Кыргыз Рспубликасынын Президенти  Сооронбай Шарипович Жээнбековго!

Республиканын Баш прокурору Өткүрбек Асилбекович Жамшитовго!

ИИМдин министри Жунушалиев Кашкар Астакановичке!

Октябрь райондук УВДнын начальниги Уланбек  Алымбекович Султановго!     

 Расмий кайрылуу

(текстин орфографиясы жана стилистикасы өзгөртүүсүз берилди)

"Быйылкы жылдын  23-июнь күнү,  түшкө маал саат 12 жарымда, Лексус маркасындагы джип катуу ылдамдык менен биздин корообуздун этегине  токтоду да, дароо ичинен чыккан бейтааныш  40 жаш чамасындагы бейтааныш жигит кабинадан чыгып эле, бизди көздөй чуркап келатты.Чыгаары менен “Я вас убью, застрелю, зарежу!” деп катуу кыйкыра баштады.Мен дүкөн тараптан келаттым эле эч нерсени түшүнбөй аң-таң болдум.Жолдошум дароо үйгө кирип, 102 звандайын деди.”Айланайын,  мен түшүнбөй турам, кимди өлтүрүп, соёсуң, же  атасың?” десем такыр көнбөй, атырылып, Байтик баатыр көчөсүндөгү 6 үйдүн биринчи подьездин домофонун тушуна келип, күч менен тарткылап, кайра баягы “угрожающий” сөзүн уланта берди.”Минтип коркутпай, мыйзамдык негизде, милицияга барып териштирели” деген кепке кулак салбады.Кайра ого бетер оозго  алгыс орусча уят сөздөр менен ашатып  сөктү.Короонун алдындагы асфальтта турат элек, “кой ачууга алдырба, машинеңе түш да, сабырдуу бол!” десем самбонун боевой приёмына салып, мени асфальтка улактай көттөрө чапты эле, мен оң капталым менен жыгылып түштүм.Оң бетимдин 3 жери, тизем, оң ийним сыйрылып, кан агып кетти.Башым  айлан көчөк болуп, катуу жыгылгандан эсим оой түштү.Мени жыгып койгонуна маашырланып, эшик ачылып кетти эле, дароо  батирдин эшигин тепкилей баштады. Аңгыча тура калдым да, квартиранын сырткы эшигине  келсем, “Паразит, я тебя из под земли достану, открой дверь, убью!” деп дагы коркута  баштады.Чөнтөгү колтоюп турганынан  бычагы барбы деп шектендим. Кой-ай деген сайын, улам атырылып, ызырынып,  квартираны сыртынан  тепкилеп, улам эле УБЬЮ деген сөздү тотукушча кайталай берди. Мен айттым: ”Сен орусча гана кепти сүйлөйт экенсиң, ты не имеешь права,  вламыватся в частную собственность” десем, закрой пасть, уничтожу!” деп өкүрө баштады. ”102”  звандап, “бизди өлтүрөм деп коркутуп атат бачым келгиле!” десек, 40 минутадан кийин келип, алардын шылдыңдаганын айтпа.” Чын эле сойдубу, ким сойду, кантип сойду?” дешип опер менен тергөөчү, мен анекдот айтып аткансып,  ырсалаңдап күлүштү. Аларга күлкү, мага ый болду. Тергөөчү менен опер келсе да, баягы чоочун жигит “өлтүрөм!” деп коркутту, коллегалары унчукпай тим болду, “кой, антпеңиз”  дегенге жарабады.

Эмне үчүн келген милиция кызматкерлери унчукпады десек, көрсө булардын замначальниги экен...

 Милициянын чоңдору, тейтелеңдеп  пенсионерлерди кордогонго уста  экен, тимеле Коңурбайды сайгансып, маашырланганын айтпа...Милиция коргобой эле көз көрүнө, чак түштө  улгайган адамдарды кордоду.Муну окемдер айтмакчы МИЛИЦЕЙСКИЙ БЕСПРЕДЕЛ деп коёт....Октябрь райондук УВДсынан келген Рысбаев Самат, тергөөчү Улук Мамасадык уулу мен түшүнүк кат жазып атканда:”Силер мас  эмессиңерби, нашаа чеккен жок белеңер?” деп шакаба кылды.Бир оокумда “Эже, туалетке кирейинби?” дешти эле, “жеңилдеп алгыла, бирок  нашаа таштап койбогула” деп мен да какшыктадым.Самат Рысбаев”Алдагы видео  тасманы мага бергилечи!” дегенде колунан сууруп алдык.Анткени вещдокту өчүрөм деген амал болду.Кудай, милийсага күн түшкүлүк кылбасын, булар кызылдай эле кутурган немелер экен.Сыртта кызым, окуяны телефонго  тартып атканда, бейбаш Насипкуловдун аялы телефонду тартып алганга аракет кылды эле, мобилдик телефонду колунан тартып  алдым.

“Атам, соём, өлтүрөм!” деген кептин автору ким экенин эртеси  изилдей баштадым, Насипкулов Арман Шаршенович  экен, муну ГОМдон барып маалымат алдым. Эми бул көзөл кайда иштегенине  баам салыңыздар:

1) Насипкулов А.Ш. работал в отделе лицезионно-разрешительной системы ГУОБ МВД;

2)Далее работал доцентом кафедры, Академии МВД, полковник милиции.Кафедра административного права и административной деятельности;

3)В настоящее время заместитель начальника УВД  Октябрьского района.

Ушу полковник кантип Академияда  улан-кыздарга тарбия бере алат? Байкадыңарбы, карьерасы улам көкөлөбөй, райондук деңгээлге түшкөн. Мунун декларациясын да текшериш керек болуп турат, кантип милийсанын биртке акчасына  Лексуста чалкалап жүрөт?

”Кылмыш иши качан ачылат?” дечү сурообузга,  чөнтөк телефонун албай же болбосо мага звандабагыла деген кептин төркүнү эми дайын болду, көрсө булардын боссу Насипкулов турбайбы! Алиге дейре менден анан Насипкуловдон түшүнүк кат алып, күбөлөрдүн бирин  дагы сурашпай жатат. Мобилдик  батальондон келген жигиттер, арачалап койсо катырып тиги сөгүп атты.

Улук Мамасадык уулунун токтому колго тийгенден кийин судмедэкспертизадан алынган справканын негизинде, Улуттук госпиталдын травмотологиялык  бөлүмүндө  жатып, дарылануудамын.Анткени баягы ыргыта чапканда алган жүзүмдөгү  жараттарым ачышып, шишип, көзүм көлбөктөп,  оң ийним, бутум сыздатып оорутууда.Насипкуловго окшогон орой, одоно мамиле жасагандар  органда иштөөгө моралдык укугу жок.Мындай кызыл шапкечендер калып кетсе, эртең  дагы бир аялдын башын жарбаса мага келгиле! Жогоруда аты аталган  жооптуу, төбөсү көрүнгөн  адамдардан расмий жооп күтөм.Жашоо да кооптуу болуп калды.Эртең мас болуп келип, атып кетүүдөн тайманбай калды.Эгер балдарымдын өмүрүнө коркунуч туулса, дал ушу Насипкулов деген полковниктин  беспределдиги деп тушүнгүлө....Видеотасманын толук варианты, тийиштүү күч органдарына берилет

Иштин чоо- жайы эмнеге байланыштуу десеңер, жолдошум  ишемби кунү таңкы саат жетиде короодогу калың бакты сугарыш учүн жыгып келген сууну, бакка буруп атса, Насипкуловдун апасы “Силер эле сугара бересиңерби, жолдун бир топ жерин суу каптап кетиптир, мен мусор төккөнгө жолдон өталбай  атам десе, жолдошум:”Арык кууш, жолго суу бир аз  тээп кетсе, кургайт да, ошого да таарынасызбы?Силердин уйдүн тушунда  мусорго кетчу жол турат, ошол жактан өтсөңүз болот да!” десе “Шашпай тур” деп зиркилдеп кетип, уулуна  телефон чалыптыр. Ушу болбогон сөз үчүн, арадай жерге чарадай кеп кылып, бирибизди   көттөрө чаап,  үй-бүлөңдү өлтүрөм деп кордош адамдын акылына сыйбаган  көрүнуш  болду".


Убактылуу өкмөттүн Төрайымынын орун басарынын экс-кеңешчиси –Аилчинова Жамиля Насировна.


Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-bizdi-korgoboj-ele-kordodu



Добавить комментарий