Милиция Бишкектин тургундарын, жолду туура эмес жерден кесип өтүүсүнө бөгөт коюп рейд жүргүзүп жатат
Поделиться в:
Милиция Бишкектин тургундарын, жолду туура эмес жерден кесип өтүүсүнө бөгөт коюп “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейд жүргүзүп жатат.
Мындай аракет менен автоинспекторлор жол кырсыктарынын санын азайтуу аракетин көрүшүүдө. Анткени көпчүлүк жолдогу кырсыктын себепкери жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен болот, - дейт инспекторлор.
2017-жылдын ичинде жүргүнчүлөрдү унаа менен сүзүп кеткен 1236 факт катталган. Анын 34 окуясында жүргүнчүлөр көз жумса, 1537 адам оор жаракат алышкан.
Административдик кодекстин 247 беренесине ылайык, жолду туура эмес жерден басып өткөндөргө карата 500 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.
Добавить комментарий ×