Милиция Бишкекте сөөгү табылган эркектин өздүгүн тактап жатат
Поделиться в:
Кечээ, 14-июнда болжол менен саат 21:30дар чамасында Московская-Трудовая көчөлөрүнүн кесилишинде табылган сөөктүн ким экенин милициялар тактап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Кечээ, 30-35 жаштагы эркек кишинин сөөгү дарактардын түбүнөн табылган. Алдын ала маалыматтарга таянсак аны зомбулук менен өлтүрүшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине 130-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталды.
Азыркы учурда каза тапкан адамдын өздүгүн аныкташ үчүн, ошондой эле шектүү адамды кармаш үчүн иликтөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-bishkekte-sg-tabylgan-erkektin-zdgn-taktap-zhatat
Добавить комментарий ×